КР Президентинин “Инсандын руханий, адеп-ахлактык калыптануусу жана дене тарбиясы” жана “Улуттук нарк” жөнүндѳ жарлыктарын жүзөгѳ ашыруу максатында 2023-жылдын 11-декабрында кыргыз филологиясы факультетинин “Манас таануу жана дүйнөлүк адабият” кафедрасы 6-окуу имаратынын 2-аудиториясында “Манас” эпосуна арналган “Манас” – кыргыз элинин улуу руханий мурасы” аттуу студенттик илимий конференция өткөрдү.
Жыйынга биология; химия жана химиялык технология; математика жана информатика; физика жана электроника; география, экология жана туризм факультеттеринин студенттери катышты.
Конференцияны кафедранын доценти А.Медетов ачып, кийинки сөздү Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобековага берди. Ал “Манас” эпосу жөнүндѳ илимий көз караштар” аттуу чакан жана мазмундуу баяндама жасап, санариптешүү мезгилинде эпос өзгөчө мааниге ээ болуп жатканын белгилеп, студенттерди эпосту терең окуп үйрөнүүгѳ чакырды.
Кыргыз филологиясынын деканы Жайлообаев Б.А. өзүнүн сөзүндө “Манас” эпосу жана Айтматов кыргыз жаштарынын сыймыгына айланып, улуттук идеологиянын өзөгүн түзүшү зарыл экенин айтып, бул процессте студенттердин жоопкерчилиги жана жигердүү аракети талап кылынарын баса белгиледи.
Конференция 1-курс студенттеринин төмѳнкү баяндамалары менен улантылды: Аманбекова Асель (химия жана химиялык технологиялар факультети, МиФХ-1-23) – “Эпос “Манас” и кыргызская государственность”, Кайыпчалова Арслана (биология факультети, Б-1-23) – “Манас” эпосундагы флора жана фаунанын берилиши”, Эшалиева Айзирек (физика жана электроника факультети, Фб-1-23) – “Манас” эпосунда астрономиялык кубулуштардын берилиши, Сыдыгалы кызы Гулина (география, экология жана туризм факультети, Г-1-23) – “Манас” эпосунда Улуу Жибек жолундагы географиялык аталыштар, Ким Анастасия (математика жана информатика факультети, ПМиИ-3-23) – Значение чисел в эпосе “Манас”, Сапарбекова Алтынгүл (география, экология жана туризм факультети, Э-1-23) – “Манас” эпосундагы кен байлыктар.
Пленардык жыйындын соңунда аталган студенттер диплом жана атайын белек менен сыйланышты.
(С) Жекшен кызы Самара – “Манас тануу жана дүйнөлүк адабият” кафедрасынын ага окутуучусу