2026-жылдын 20-ноябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин биринчи курс студенттерин тосуп алуу аземи болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чараны илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу менен кадр саясаты жана адам ресурстарын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Алмаз Кыдыралиев ачып, кечээки абитуриент, бүгүнкү студенттерди университеттин босогосун атташы менен куттукташты жана билим алуудагы ийгиликтерди, изденүүнү жана университеттин коомдук турмушуна активдүү катышууну каалашты.

Андан соң Тарых жана чөлкөм таануу институтунун 1-курсунун студенти Өмүрбек Акчалов бардык биринчи курстун студенттеринин атынан салтанаттуу ант берип, студенттик милдеттерди жоопкерчилик менен аткарууга убада берди.

Иш-чаранын алкагында окуудагы жетишкендиктери жана университеттин коомдук турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн бүтүрүүчү курстардын студенттерин сыйлоо аземи да өткөрүлдү.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун 100 жылдык юбилейлик төш белгиси жана Ардак грамотасы менен төмөнкү студенттер сыйланышты:

  • Бектурсунова Сумая — Журналистика жана коммуникация институтунун 4-курс студенти;
  • Бактыяров Байэл — Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу институтунун 4-курс студенти;
  • Шамырзаев Баялы — Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу институтунун 4-курс студенти;
  • Макешова Майрам — Физика жана электроника факультетинин 4-курс студенти;
  • Кубатов Айтегин — Ч. Исамидинов атындагы Педагогикалык институттун 4-курс студенти.

Ал эми Ардак грамота менен төмөнкү студенттер сыйланышты:

  • Ибраимов Атай — Кыргыз-Европа факультетинин студенти;
  • Миңбаева Айдана — Чет тилдер институтунун студенти;
  • Султанбекова Гулина — Математика жана информатика институтунун студенти;
  • Жээнбеков Камил — Юридикалык институттун студенти.

Сыйлоо аземинен кийин иш-чара концерттик программа менен уланды. Концерттик программада Элимира Таджиева, Аяр, Саламат Калыбек уулу, Кылыч Эдик, Бекназар Тилеков жана Жусуп Баласагын атындагы КУУнун алдында түзүлгөн «Айпери» бийчилер тобу өнөрлөрүн тартуулап, конокторго жагымдуу маанай тартуулашты.

Мындан тышкары, иш-чара кызыктуу конкурстар менен коштолуп, катышуучуларга баалуу белектер жана сертификаттар тапшырылды.

Салтанаттуу кече биринчи курстун студенттери үчүн университеттин чоң үй-бүлөсүнө кошулуунун өзгөчө маанилүү учуру болуп, майрамдык маанайда жыйынтыкталды.

(С) Темирбекова Медина — жаштар чыгармачылыгы жана маданий массалык иштер секторунун башчысы