2026-жылдын 19-август күнү 6-окуу имаратындагы 126-дарсканада Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин гранттык комиссиясынын отуруму болуп, абитуриенттерди КУУнун бакалавриаты менен магистратурасына кабыл алуунун кошумча, 6-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, биринчи проректор Алайбек Шамшиев алып барган жыйынга университеттин Бишкектеги жана аймактардагы факультеттери менен институттарынын жетекчилери катышты.

Жыйындын башында Алайбек Шамшиев университеттин бардык түзүмдөрүнө 13 миң 251 студент кабыл алынганын (анын ичинен: 7511 — бакалавриат, 880 — магистратура, 4760 — орто кесиптик билим берүү жана 100 — гимназия) кабарлап, бул өтө жакшы көрсөткүч экенин белгиледи жана кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, алдыдагы жогорку билимден кийинки билим берүү программалары менен магистратурага кошумча кабыл алууда ийгиликтерди каалады.

Андан ары кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов “Абитуриент Онлайн” системасы аркылуу факультет, институттардагы багыттарга (адистиктерге) катталган абитуриенттердин саны, ал багыттар (адистиктер) боюнча ваканттык орундардын саны жана ал орундарга “Бишкек шаары”, “Кичи шаарлар”, “Тоолуу аймактар” жана “Айыл аймактары” деген категориялар боюнча аталган система тарабынан бөлүнгөн орундар тууралуу маалымат берип, өтүү баллын сунуштады. Комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир факультет/институт тууралуу тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

6-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот.

Добавить комментарий