2026-жылдын 19-август күнү Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Талас аймактык көп тармактуу институтунда болуп, ал жерде курулуп жаткан 5 кабаттуу окуу имаратынын курулушу менен таанышты.
КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев министрге курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүрүп жатканын белгилеп, бүгүнкү күндө суу, жылуулук, канализация трубаларын тартуу, монолит куйуу, газоблок коюу, электромонтаждоо, шыбак, полго кафель төшөө жана чатыр иштери толугу менен бүткөрүлүп, өрт сигнализациясы менен интернет кабелдери толугу менен тартылып, учурда 120 жумушчу иштеп, брусчатка төшөө, жашылдандыруу иштери жүрүп жатканын, жакында сырдоо иштери башталаары тууралуу маалымат берип, объекттин эстетикалык көрктөндүрүлүшү тууралуу да айтып берди.
Иш-чарага о.э. Кыргыз улуттук университетинин Талас аймактык көп тармактуу институтунун директору Жыргалбек Шаршембиев баштаган жетекчилери да катышты.


