2026-жылдын 7-июль күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев 24-28-июнь күндөрү Филиппиндин борбору Манила шаарында өткөн жаштар арасында самбо боюнча Азия жана Океания чемпионатында 64 кг салмак категориясында алтын медаль жеңип алган КУУнун Ош шаарындагы Гуманитардык жана табигый илимдер факультетинин орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Даниел Шаршеновду кабыл алды.
КУУнун жетекчиси Даниелди эл аралык мелдештеги жеңиши менен өзүнүн, администрациянын жана жалпы жамааттын атынан куттуктап, бул жеңиш — университет үчүн чоң сыймык экенин белгиледи жана Улуттук университеттин атын региондо туруп чыгарып аткандыгы үчүн Даниелге, аны тарбиялаган тренерине жана ата-энесине ыраазычылык билдирди. Ректор андан кийин Даниел Шаршеновду самбо боюнча Азия жана Океания чемпионатында алтын медаль жеңип алгандыгы үчүн «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» юбилейлик медалы, жаңы ноутбук менен сыйлады жана бир жылдык окуу контрагынан бошотуу жөнүндө буйрук чыгаарын кошумчалады. Ректордун айтымында, юбилейлик медаль менен Даниел студенттердин арасынан биричи болуп сыйланды. Бул сыйлыктарга удаалаш, кесиптик бирлик комитетинин төрагасынын орун басары Владимир Иванов Даниелге «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийине 10 күндүк акысыз жолдомонун сертификатын тапшырды.
Даниел Шаршеновду эл аралык чемпионаттагы ийгилиги менен о.э. КУУнун проректорлору Алайбек Шамшиев, Назаркул Ишекеев, Гүлбара Сыдыкова, Кундуз Базакеева, Бакыт Айтахунов, Ош шаарындагы Гуманитардык жана табигый илимдер факультетинин деканы Абдисатар Эргешов, факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы Шаршен Абдыкеримов ж.б. куттукташты.
Белгилей кетсек, самбо боюнча Манила шаарында өткөн Азия жана Океания чемпионатынын жеңүүчүсү Даниел Шаршеновду Манас аэропортунан КУУнун Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаментинин кызматкерлери жана студенттер тосуп алышты.