2026-жылдын 29-июнунда Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунда «Жасалма интеллект» багыты боюнча магистрдик билим берүү программасынын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө «Магистр» академиялык даражасынын дипломдорун тапшыруу аземи болуп өттү.
Бул бүтүрүүчүлөр — «Жасалма интеллект» багыты боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүү системасында даярдалган алгачкы магистрлер. Алар мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациянын бардык талаптарын ийгиликтүү аткарып, жасалма интеллект тармагындагы теориялык билимдерин, практикалык көндүмдөрүн жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө даяр экендигин тастыкташты.
Салтанаттуу иш-чарада институттун директору Амантур Рыспаев бүтүрүүчүлөрдү окууну ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, алардын өлкөнүн санариптик трансформациясына, илимдин жана жогорку технологиялардын өнүгүшүнө татыктуу салым кошоруна ишеним билдирди. Ал жаш адистерге кесиптик ишмердүүлүгүндө, илимий изилдөөлөрүндө жана инновациялык долбоорлорду ишке ашырууда ийгиликтерди каалап, магистрдик дипломдорду салтанаттуу түрдө тапшырды.
«Жасалма интеллект» багыты боюнча магистрдик программанын алгачкы бүтүрүүчүлөрү Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча жүргүзүп жаткан ишинин маанилүү натыйжасы болуп саналат. Бул окуя о.э. өлкөдө жасалма интеллект технологияларын өнүктүрүүгө, илимий-изилдөө потенциалын чыңдоого жана эмгек рыногунун заманбап талаптарына жооп берген адистерди даярдоого олуттуу салым кошот.
Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту мындан ары да жасалма интеллект, маалыматтык технологиялар жана санариптик инновациялар багытында эл аралык деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоону артыкчылыктуу багыт катары улантат.
(С) Джунушалиева Б.А. — илим жана билим берүү программаларын санариптештирүү боюнча директордун орун басары