2026-жылдын 27-июнь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ысык-Көл районунунун Бостери айылында жайгашкан «Университет» пансионатында бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду.
Эс алуу жайынын айланасын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында өткөрүлгөн бул иш-чарага КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев, проректорлор, түзүм жетекчилери жана окутуучу-профессорлор катышты.
Бул демилге жаратылышка болгон аяр мамилени чыңдап, келечек муундар үчүн жашыл, таза жана жагымдуу чөйрө түзүүгө багытталган.