2026-жылдын 23-28-июнь күндөрү Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы «Кыргыз деңизи» пансионатында жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулар курамынын арасында «Ден соолук — 2026» республикалык спартакиадасы өткөрүлдү.

Мелдештерге Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессордук-окутуучулар курамы ийгиликтүү катышып, спорттун бир катар түрлөрү боюнча байгелүү орундарды камсыз кылышты.

Спартакиаданын негизги максаты — жогорку окуу жайлардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, ЖОЖ окутуучуларынын арасында сергек жашоо образын калыптандыруу, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү жана кесиптик ынтымакты чыңдоо.

Мелдештин жыйынтыгында КУУнун командалары төмөнкүдөй ийгиликтерге жетишишти:

Стол тенниси боюнча:

  • I орун — 25 жаштан жогорку курактагы мырзалар командасы;
  • I орун — 45 жаштан жогорку курактагы мырзалар командасы;
  • III орун — 45 жаштан жогорку курактагы мырзалар командасы;
  • III орун — 45 жаштан жогорку курактагы айымдар командасы.

Шахмат боюнча:

  • II орун — мырзалар командасы;
  • II орун — айымдар командасы.

Волейбол боюнча:

  • III орун — 45 жаштан жогорку курактагы мырзалар командасы.

Тогуз коргоол боюнча:

  • I орун — мырзалар командасы.

Ордо боюнча:

  • I орун — команда.

Спартакиададагы бул ийгиликтер университет жамаатынын жогорку уюшкандыгын, спорттук даярдыгын жана сергек жашоо образын жайылтуудагы активдүү позициясын дагы бир жолу тастыктады. Бул жетишкендиктер Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде илимий-педагогикалык ишмердүүлүк менен катар дене тарбияга, спортко жана сергек жашоо маданиятын калыптандырууга өзгөчө көңүл буруларын айгинелейт.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жамааты спартакиадада ийгиликтүү оюн көрсөтүп, университеттин аброюн бийик көтөргөн профессордук-окутуучулар курамын чын жүрөктөн куттуктап, аларга чың ден соолук, бакубат жашоо, үзүрлүү эмгек, чыгармачылык ийгиликтер жана жаңы жеңиштерди каалайт.

(С) Гүлзат Токонова – ФАДТжС кафедрасынын башчысынын орун басары, ага окутуучу

Добавить комментарий