2026-жылдын 26-июнь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан «Университет» пансионатында А-фрейм стилиндеги 23 жаңы коттедждин ачылыш аземи болду.

Иш-чарага ректор Догдурбек Чонтоев баштаган университеттин 60тан ашуун жетекчилери жана окутуучу, кызматкерлери катышты.

Ректор жыйындын катышуучуларын жайкы эс алуу сезонунун башталышы менен кутттуктап, бүгүнкү ачылып жаткан А-фрейм стилиндеги жаңы коттедждер — окутуучулар менен кызматкерлердин ден-соолугун чыңдаш үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана инфраструктураны өнүктүрүүгө карай жасалган дагы бир маанилүү кадам экенин белгиледи. Ректор о.э. бул долбоорду ишке ашырууга салым кошкон ар бир кызматкерге ыраазычылык билдирип, «Биздин асылыбыз болгон Ысык-Көлдүн жээгиндеги жайкы эс алуу сезонун жана жаңы 23 коттедждин эшиктерин ачык деп жарыялаймын», — деди.

Заманбап стилде курулган коттедждердин ачылышы менен о.э. проректорлор, университеттин кадырлуу аксакалдары куттуктаган соң, аземдин катышуучулары А-фрейм тибиндеги коттедждердин ичине кирип, эс алуучулар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып чыгышты.

Добавить комментарий