2026-жылдын 12-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Шанхай кызматташтык уюмунун юридикалык окуу жайлары ассоциациясынын форумуна катышуу үчүн келген Шанхай саясат жана укук университетинин (ШСУУ) партиялык комитетинин катчысы Гэ Вэйхуа мырза жетектеген делегацияны кабыл алды.
Жолугушууда тараптар эки университеттин ортосундагы билим берүү жана илим изилдөө жаатындагы кызматташтык маселелелрин талкуулашты.
Иш-чарага о.э. ШСУУнун партиялык жана административдик кеңсесинин директорунун орун басары Шэн Сяочэн, Эл аралык укук институтунун профессору Цао Цзюньцин, окутуучулар менен иштөө бөлүмүнүн директору Ван Хуэйбо, о.э. КУУнун эл аралык кызматташтык жана байланыш департаментинин директору Бактыбек Келдибеков менен Юридикалык институттун директору Кынатбек Сманалиев катышты.