2026-жылдын 10-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 2024-жылдын 10-июнунан бери белгиленип келе жаткан Эл аралык цивилизациялар аралык диалог күнүнө арналган «Жибек жолунун жалпы мурасы: Байыркы салттардан санариптик келечекке чейин» аттуу тегерек стол болуп өттү.

И-чарарын катышуучуларына куттуктоо сөздөрүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпин айым айтышты.

Маданияттар аралык диалогду чыңдоо, Кыргыз жана Кытай цивилизацияларынын уникалдуулу менен жалпы мурасын көрсөтүү, о.э. искусство, илим жана коммуникация аркылуу стереотиптерге жана ксенофобияга каршы туруу максатында уюштурулган талкууга кытай таануучулар, журналисттер, искусство таануучулар жана студенттер катышты.

Тегерек столдун соңунда катышуучулар «Цивилизациялар дарагын» отургузушту.

Добавить комментарий