Улуттук университеттин Enactus KNU командасы өлкөнүн эң ири жаштар иш-чараларынын бири — Enactus Kyrgyzstan улуттук сынагынын алкагында өткөрүлгөн «Жаштар стартаптар EXPO 2026» мелдешине катышты. Бул иш-чара өлкөнүн бардык аймактарынан келген таланттуу студенттерди, жаш ишкерлерди жана лидерлерди бириктирет.
Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлиги жана Enactus Kyrgyzstan тарабынан уюштурулган иш-чара жаштардын инновациялык демилгелерин колдоого, университеттик стартаптарды өнүктүрүүгө, ишкердик маданиятын жайылтууга жана өлкөнүн инновациялык экосистемасын чыңдоого багытталган.
Чемпионатка Кыргызстандын бардык аймактарынан 700дөн ашык студент жана жаш лидерлер, академиялык коомчулуктун жана жогорку окуу жайларынын 100дөн ашык өкүлү, о.э. бизнес коомчулугунун, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Алар учурдагы социалдык, экономикалык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлорун жана чечимдерин сунушташты.
Жыйынтыгында Улуттук университеттин Enactus KNU командасы финалга чыгып, Кыргызстан боюнча 28 команданын арасында Metarhizium козу карынына негизделген «Тируу-Топурак» долбоору менен үчүнчү орунду ээледи. Долбоор айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө, дыйкандардын өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттарынан көз карандылыгын азайтууга жана айыл чарба тармагынын экологиялык коопсуздугун жакшыртууга багытталган.
(C) Медина Темирбекова — Жаштар саясаты жана билим берүү иштери департаментинин координатору