2026-жылдын 4-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Япониянын «Sugamo Tokiwa Shokudo» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Саито Тарону кабыл алды.

Жолугушууда тараптар кадрларды даярдоо, билим берүү программаларын иштеп чыгуу, маданий алмашуу жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча пикир алышты.

Ректор Улуттук университеттин Кыргыз-япон институтун (КЯИ) өнөктөш катары колдогондугу үчүн япон компаниясынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, студенттер үчүн билим берүү чөйрөсүн жакшыртууга жана япон тилин өнүктүрүүгө аталган компаниянын кошкон салымы бараандуу белгиледи. Ректордун айтымында, «Sugamo Tokiwa Shokudo» компаниясынын өкүлдөрүнүн КЯИнин камкорчулар кеңешине кириши жогорку деңгээлдеги ишенимди билдирип, КЯИ менен япон бизнес коомчулугунун ортосундагы узак мөөнөттүү кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ректор сөзүн жыйынтыктап жатып, КУУ япон компаниясы менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

«Sugamo Tokiwa Shokudo» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Саито Таро мырза КУУнун Кыргыз-яапон институтунун студенттери быйылтан баштап Японияда стажировкадан өтүүгө кабыл алына тургандыгын жана студенттер яапон тамак-аш маданиятын, тейлөө стандарттарын жана жумуш этикасын өз көзү менен көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушаарын билдирди.

Жолугушууга ошондой эле «Sugamo Tokiwa Shokudo» компаниясынын башкы кеңешчиси Куджи Хитоми айым жана КУУнун Кыргыз-яапон институтунун директору Такахара Дайсуке катышты.

Добавить комментарий