2026-жылдын 9-июнь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев алып барган жыйында негизги маселе катары «Ж.Баласагын атындагы КУУга 2026-2027-окуу жылына кабыл алууга даярдыктар», «Ж.Баласагын атындагы КУУдагы мамлекеттик тилдин абалы жана өнүктүрүү жолдору», «Ж.Баласагын атындагы КУУда 2025-жылдагы каржы-чарбалык иштин жыйынтыгы» жөнүндө жана башка ар түрдүү маселелер каралды.

Отурумдун башында ректор Менеджмент жана бизнес институтунун доценти Эльвира Сатылгановага Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен ыйгарылган «Экономика илимдеринин доктору» окумуштуулук даражасынын, Химия жана химиялык технология факультетинин ага окутуучусу Айзада Ибрагимовага «Химия илимдеринин кандидаты» окумуштуулук даражасынын дипломун, ал эми Тиллебаев Садык Алахановичке, Арзыматова Айнура Атыгаевнага, Бедельбаев Аскарбекке, Джумаев Мырзабекке, Жунушов Касымбай Жунушовичке, Кадышев Сагынтайга, Карабаев Султан Осконовичке, Момбекова Жыргал Канаевнага, Ниязов Тургунбек Зайнитдиновичке, Сарымзакова Роза Копбаевнага, Шаршенова Равшан Малаевнага, Шисыр Исхар Сувазовичке жана Халилов Абдыганы Дарманбековичке КУУнун бүгүнкү бийиктиктерге жетүүсүнө кошкон салымы үчүн “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл” юбилейлик медалын тапшырды.

Андан соң күн тартибиндеги «Ар түрдүү маселелер» тобундагы Тарых жана чөлкөм таануу институтунун профессору, тарых илимдеринин доктору Карыева Анара Карыевнага “Тарых” адистиги боюнча, Кыргыз филологиясы факультетинин профессору, филология илимдеринин доктору Тиллебаев Садык Алахановичке “Адабият таануу” адистиги боюнча, Юридикалык институттун профессору, юридика илимдеринин доктору Аманалиев Урмат Олжобековичке “Укук таануу” адистиги боюнча “Профессор” окумуштуулук наамын, ал эми Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун доцентинин м.а., педагогика илимдеринин кандидаты Сыдыкова Махабат Бейшенбековнага “Информатика, эсептөө техникасы жана башкаруу” адистиги боюнча, Орус жана славян филологиясы факультетинин доценти, филология илимдеринин кандидаты Абылова Алмаш Камчыбековнага “Тил илими (орус тил)” адистиги боюнча, Физика жана электроника факультетинин доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Асанбекова Дамира Дайырбековнага “Физика” адистиги боюнча, Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун педагогика программасынын профессору, юридика илимдеринин доктору Коомбаев Абдиш Абазовичке “Укук таануу” адистиги боюнча, И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык институттун доцентинин м.а., педагогика илимдеринин кандидаты Качкын уулу Алтынбекке “Психология” адистиги боюнча, Биология факультетинин доцентинин м.а., биология илимдеринин кандидаты Асанакунов Бактыбек Ашымовичке “Биология” адистиги боюнча, С.Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунун доцентинин м.а., филология илимдеринин кандидаты Өмүрбеков Туратбек Асанбековичке “Тил илими” адистиги боюнча, Юридикалык институттун доценти, юридика илимдеринин кандидаты Курамаева Наргиза Ормошбековнага “Укук таануу” адистиги боюнча, Юридикалык институттун доценти, юридика илимдеринин кандидаты Алишева Алия Бекбергеновнага “Укук таануу” адистиги боюнча “Доцент” окумуштуулук наамын ыйгаруу жөнүндө маселелер боюнча Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү электрондук добуш беришти.

Жыйындын жүрүшүндө о.э. Франциядагы Пуатье Университетинин профессору, Борбордук Азиядагы Erasmus+ долбоорунун координатору Личия Бажини айымга жана Кыргыз  эл акыны Асан Жакшылыков мырзага «Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору» наамын ыйгаруу, Юридикалык институттун окутуучулары:  ю.и.д., профессор Сманалиев К.М., ю.и.д., профессор Эсенбекова А.Т., ю.и.д., профессор Муратбекова С.М., п.и.к., доцент Турганбаева Ч.К., ю.и.к., доцент Ибраимов Р.Т., ю.и.к., доцент Шалпыкова А.А., ю.и.к., доцент Байгубатова Н.Р., ю.и.к., доцент Нуридинова А.Н., ю.и.к., доцент Жолдошбекова А.Ж., ю.и.к., доцент Сагыналиева В.Ж., ага окутуучулар Саипова М.Б., Темирбекова М.Л. Акматбек кызы А. тарабынан даярдалган “Юристтин кесиптик этикасы” аттуу окуу куралына Билим берүү жана илим министрлигинин грифин берүү, Ж.Баласагын атындагы КУУда Бажы иши жана логистика факультетин түзүү, Юридикалык институттун базасында “Укуктук талдоо, интеллектуалдык өнүктүрүү жана инновациялар” борборун ачуу жана анын  жобосун бекитүү, о.э. изденүүчүлөр Алымкожоев  Омурбек  Жумадиловичтин, Смаилова Асел Асылбековнанын, Имангалиев Сатжан Сабитулынын, Шаяхметов Шикир Шамильевичтин, Кусаинова Лариса Канатовнанын, Апаева Софья Хусеиновнанын, Конгайтиева Сууракан Амановнанын докторлук диссертацияларынын темаларын бекитүү жана илимий кеӊешчилерин дайындоо боюнча чечим кабыл алынды.

Андан кийин күн тартибиндеги негизги маселелер каралып, алар боюнча Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев жана башкы бухгалтер Жамила Бакай кызы баяндама жасашты.

Отурумдун жүрүшүндө күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча кызуу талкуу жүрүп, Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү тарабынан тиешелүү токтомдор кабыл алынды.

Добавить комментарий