2026-жылдын 5-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 31-май – Университет күнүнө карата профессордук-окутуучулар курамы жана кызматкерлер арасында «Ректордун кубогун» утуп алуу үчүн кичи футбол боюнча достук мелдеши өткөрүлдү. Мелдеш окуу жайдын Кесиптик бирлик комитети, Факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасы жана Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти тарабынан уюштурулду.

Мелдештин ачылыш аземинде мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору Назаркул Ишекеев менен Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков куттуктоо сөз сүйлөп, мындай иш-чаралар жамааттын биримдигин чыңдоодо, сергек жашоо образын жайылтууда жана университет кызматкерлеринин ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөдө өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти.

Спорттук таймашка университеттин институттары жана факультеттеринен түзүлгөн жалпы 8 команда катышып, кызыктуу жана атаандаштыкка бай оюндарды тартуулашып, жогорку даярдыгын, командалык духун жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүштү.

Жеңүүчүлөргө жана байгелүү орундардын ээлерине сыйлыктарды Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев тапшырды. Куттуктоо сөзүндө ал бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, спорттук жана маданий иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.

Мелдештин жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:

  • 🥇 I орун – Математика жана информатика институту менен Факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасынын курама командасы;
  • 🥈 II орун – Юридикалык институт;
  • 🥉 III орун – Кесиптик колледж.

Жеңүүчүлөргө Ректордун кубогу, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды

Иш-чара университет жамаатынын ынтымагын дагы бир ирет бекемдеп, кызматкерлер арасында сергек жашоо образын жайылтууга жана спорттук маданиятты өнүктүрүүгө чоң салым кошту. Мелдеш достук маанайда өтүп, катышуучуларга жагымдуу таасирлерди жана жакшы маанай тартуулады.

(С) Темирбекова Медина— жаштар саясаты жана спорт боюнча департаментинин координатору

Мелдештин ачылыш аземи жана оюндар

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи

Добавить комментарий