2026-жылдын 24-апрелинде Кыргыз улуттук университетине Түркия Республикасынын Кастамону университетинин ректору Ахмед Хамди Топал мырза жетектеген делегация иш сапары менен келди.
Делегация мүчөлөрүн Улуттук университеттин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев кабыл алды. Ректор КУУнун жалпы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, окуу жай алдыңкы эл аралык университеттер менен өнөктөштүк байланыштарды ийгиликтүү жүргүзүп келе жатканын белгилеп, Түркия Республикасынын университеттери менен кызматташтык кеңейип жатканын, бул багытта Кастамону университети менен жолугушуу өзгөчө мааниге ээ экенин кошумчалады.
Кастамону университетинин ректору Ахмед Хамди Топал буга чейин үзгүлтүккө учураган кызматташтыкты кайра жандандыруу максатында келгенин билдирип, академиялык мобилдүүлүк, өз ара тажрыйба алмашуу программалары менен катар магистратура багытындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл буруларын айтты.
Жолугушуунун жүрүшүндө университеттер аралык диалогду өнүктүрүү, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармагындагы байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланып, жыйынтыгында эки тараптуу алкактык келишимге кол коюлду.