2026-жылдын 24-апрелинде Кыргыз улуттук университетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун негизинде “Мамлекеттик тил — уңгужолдун өзөгү” аттуу тегерек стол болуп өттү.
Иш-чараны университеттин факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасы уюштурду. Ага университеттин жетекчилиги, илимий-педагогикалык коомчулук, окутуучулар жана студенттер катышышты.
Тегерек столдун негизги максаты — мамлекеттик тилдин коомдогу ордун чыңдоо, аны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулоо, ошондой эле жогорку окуу жайларда тил саясатын натыйжалуу ишке ашыруунун механизмдерин аныктоо болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Н.Ишекеев, “Кыргыз тили” коомунун президенти Р.Курбанов, илимдеринин докторлору, проф. Г.Ш.Абдразакова, К.Д.Кенжешев, А.Мукамбетовалар куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Программанын алкагында төмөнкү баяндамалар жасалды:
- Ж.А.Чыманов – педагогика илимдеринин доктору, профессор (Жусуп Баласагын атындагы КУУ): “Көркөм текст: кыргыз тилин окутуунун мазмуну жана каражаты”
- Д.Т.Давлетбакова – филология илимдеринин кандидаты, доцент (“Роэль Метрополитен” университети): “Тилдерди аралаштырып сүйлөө маселелери”
- Д.К.Мырзагулова – КУУнун мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы: “Көп тилдүү билим берүү шартында мамлекеттик тилдин ролу”
- М.К.Карыбекова – филология илимдеринин кандидаты, доцент (Жусуп Баласагын атындагы КУУ): “Студенттердин кеп маданиятын калыптандырууда көркөм каражаттардын ролу”
- Б.К.Касымалиев – ага окутуучу (Жусуп Баласагын атындагы КУУ): “Жогорку билим берүүдө мамлекеттик тилди окутуунун учурдагы абалы”
Баяндамаларда мамлекеттик тилди окутуунун заманбап ыкмалары, көп тилдүү билим берүү шартындагы орду, студенттердин тил маданиятын өнүктүрүү маселелери кеңири талкууланды.
Тегерек стол жандуу пикир алмашуу менен коштолуп, катышуучулар тарабынан бир катар практикалык сунуштар айтылды. Жыйынтыгында мамлекеттик тил саясатын билим берүү системасында мындан ары өркүндөтүү боюнча сунуштар иштелип чыкты. Тегерек столдун соңунда баяндама окугандарга, катышуучуларга ыраазычылык кат, тастыктамалар тапшырылды.
Иш-чара университеттин башкы окуу имаратындагы 247-кичи өргөөдө өткөрүлдү.
(С) Г.К.Осмоналиева — факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы

















