2026-жылдын 21-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев “Journal of Modern Mathematical Studies” журналынын башкы редактору, ф.м.и.д., профессор Бекболот Канетовду кабыл алды.

Башкы редактор ректорго жаңы түптөлүп жаткан илимий журналдын алгачкы саны жарык көргөнүн кабарлап, журналдын азыркы абалы жана келечеги талкууланды.

Ректор бул журналдын редколлегиясына тереең ыраазычылык билдирип, ар тараптан колдоорун баса белгиледи.

Белгилей кетсек, аталган журнал Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек юстиция Башкармалыгына каттоодон өттү, каттоо номери 400027, РСМИ, 0000012. ММКнын уюштуруучусу болуп Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети болуп саналат. Журнал англис тилинде жылына 4 ирет чыгарылып, редакцияга келип түшкөн илимий макалалар тыкыр рецензияланат. Журналдын редакциялык тобуна Кыргызстандын белгилүү математик-окумуштуулары, о.э. Чехия, Украина, Россия, Азербайжан, Казахстан, Өзбекстан, АКШ, Сербия, Япония, Греция, Словакия, Туркиялык бараандуу жана Scopus жана Web of Science-те Хирш индекстери жогору болгон окумуштуу-математиктер өз макулдуктары менен кирген.

Жолугушууга о.э. илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу катышты.

Добавить комментарий