2026-жылдын 21-апрелинде «Мен мугалим болом! — 2026» эл аралык сынагы жыйынтыкталды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө жарлыгын жана “Кыргыз Республикасында он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясын” жүзөгө ашыруу максатында “Мугалим” илимий-педагогикалык журналы И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институту менен биргеликте 2026-жылдын март–апрель айларында студенттер арасында «Мен мугалим болом!» эл аралык сынагын өткөрдү.
Аталган сынак буга чейин республикалык деңгээлде 4 жолу уюштурулуп келсе, быйыл 5-ирет эл аралык форматта өткөрүлдү.
Сынактын тандоо туруна 60 студент катышып, алардын 12си финалда ат алышты. Сынакка республиканын бардык аймактары камтылды жана жалпы 17 окуу жайдын студенттери катышты. Алар: Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык институту, физика, кыргыз филология, биология факультеттери; Кызыл-Кыя институту, Нарын педагогикалык институттары), Казак улуттук аялдар педагогикалык университети, А.К. Кусаинов атындагы Евразия гуманитардык институту (Астана шаары), И. Арабаев атындагы КМУ, К.Карасаев атындагы БМУ, Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институту, Кыргыз-Турк “Манас” университети, ОшМУ, ОшМПУ, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Б.Осмонов атындагы ЖАМУ, МУА «Ала-Тоо», Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети, Эл аралык Кувейт университети, Султан Мамбеткалиев атындагы Чүй университети, И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту, Азия инновациялык колледжи.
«Мен мугалим болом! — 2026» сынагы 4 тур менен өткөрүлдү:
- “Мен мугалим болом!” темасында эссе жазуу
- Өзүн кеңири тааныштырган видеопрезентация
- Сабак өтүү
- Өнөр таймаш
Жыйынтык чыгаруу аземин КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү, ал эми И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институттун директору Рахат Сулайманова сынакты өткөрүү эрежелери тууралуу айтып берди.
2026-жылдын 21-апрелинде финалисттер өз өнөрлөрүн тартуулап, сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды. Алар баалуу белектер жана сыйлыктар менен сыйланышты.
- Баш байге: Эргешова Эленора Азатбековна — Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин М.М. Тайиров атындагы Кызыл-Кыя кампусунун 2-курс студенти.
Сыйлыгы: Smart-TV, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ардак грамотасы жана «Мен мугалим болом» статуэткасы.
Негизги орундар (Караоке колонкасы, Ардак грамота жана «Мен мугалим болом» статуэткасы менен сыйланышты):
- 1-орун: Ратбеков Ринат — Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, физика жана электроника факультети
- 2-орун: Үмөталиева Атыргүл Мырзабайматовна — Ош мамлекеттик университети
- 3-орун: Тлектез кызы Жауказын — Казак улуттук кыздар педагогикалык университети (Алматы)
Номинациялар (Ардак грамота жана «Мен мугалим болом» статуэткасы менен сыйланышты):
«Мыкты ачык сабак»
- Жумабекова Айжамал Жыргалбековна — К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети
- Худайберди Даяна — Ала-Тоо Эл аралык университети
«Мыкты өнөрпоз»
- Бердикулова Айчүрөк Салижановна — Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, М.М. Тайиров атындагы Кызыл-Кыя кампусу
- Тилекбаева Адина Абдымомуновна — Эл аралык Кувейт университети
- Майрамбек кызы Адина — Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык институту
«Мыкты видео-презентация»
- Артисбек кызы Адина — Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык институту
- Жумабек кызы Нурайым — Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Нарын кампусу
Сынакка студенттерди даярдоодо активдүү эмгектенген методисттерге жана иш-чараны уюштурууда эмгектенген уюштуруучуларга «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын төш белгиси жана ректордун ыраазычылык каты ыйгарылды.
Бул иш-чарага бардык баалуу сыйлыктар Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тарабынан каржыланып, ошондой эле университеттин кесиптик бирлик комитети башкы демөөрчү болду.
(С) Айсулуу Эгамбердиева — илимий иштер боюнча директордун орун басары