2026-жылдын 20-апрелинде Кыргыз улуттук университетинин чоң жыйындар залында «Бозжол» философиялык изилдөө борборунун директору Саветбек Абдрасуловдун «Бозжол – сакральный путь человека в пирамидальном строении Бозүй и в полусферично-сферичном универсуме Боозүй» аттуу эки китептен турган монографиясынын бет ачары болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев, проректорлор Мырзабек Камчыбек уулу, Назаркул Ишекеев, белгилүү профессор-философтор, окутуучулар жана студенттер катышты.

Бет ачар аземде ректор Догдурбек Чонтоев аталган илимий-философиялык эмгек Улуттук университеттин «100 жылдыкка – 100 китеп» долбоорунун алкагында жарык көргөнүн белгилеп, буга чейин бул китеп бир нече эл аралык жана өлкөдөгү билим берүү мекемелеринде тааныштырылганын айтты.

Иш-чаранын жүрүшүндө профессорлор Садык Алахан (КУУ), Зайнидин Курманов (ТИМдин Дипломатиялык академиясы), Жылдыз Урманбетова (Кыргыз-Түрк «Манас» университети) жана Каниметов Эмиль (ИСИТОнун проректору) Саветбек Абдрасуловдун бул китебинде улуттук баалуулуктар жана кыргыз таануу илиминин терең изилденип, жазылуу тарыхы бир нече жылдарды камтыганын белгилешти. Айрыкча, кыргыз менталдуулугун дүйнөлүк философияга таанытууга багытталган жигердүү изилдөөлөргө басым жасаганы айтылды.

Буга катар «Бозжол» философиялык изилдөө борборунун кызматкери жана автордун шакирти Арген Кадыров философтун монографиясына аналитика жүргүзүп, кыскача тааныштырды.

Жыйындын негизги бөлүгүндө автор китеп тууралуу кенерирээк баяндама жасап, мазмунун, илимий-философиялык маанилерине токтоло кетти. 

Жыйынтыгында, Саветбек Абдрасулов менен философия илимдеринин кандидаты Арген Кадыров «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, эки китептен турган монография Улуттук университеттин китепканасында да коюлат.

Добавить комментарий