2026-жылдын 20-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине окуу жайдын 100 жылдык мааракесине карата чыгарылган 100 даана «Кыргыз Республикасынын конституциялык укугу: схемалар жана таблицаларда» аттуу окуу китеби тапшырылды.
Аталган китептин автору — Улуттук университеттин бүтүрүүчүсү, учурда юридикалык колледждин окутуучусу Асылбек Рахманов. Китеп студенттер, магистранттар, аспиранттар жана жалпы эле конституциялык укук тармагына кызыккандар үчүн ыңгайлуу колдонмо болуп саналат.
КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев авторго ыраазычылык билдирип, 100 жылдыктын алкагында окуу жайдын китепканасы дагы бир маанилүү эмгек менен толукталып жатканын кошумчалады.
Асылбек Рахмановду айтымында, китеп 2016-жылы жазылып баштаган, китептин өзгөчөлүгү — материалдын схемалар жана таблицалар аркылуу берилгенинде.