2026-жылдын 16-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев Жаштар саясаты жана спорт департаментинин кызматкерлерин кабыл алды.

Алар ректорго студенттердин чыгармачылык дараметин көрсөтүүгө жана жаштардын маданий байланышын чыңдоого багытталып, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн жогорку окуу жайлар арасындагы “Таланттар шоу” фестивалы жана анда КУУнун студенттери жогорку деңгээлде өнөр көрсөтүп, бардык этаптар боюнча жогорку упай топтоп, жыйынтыгында 1-орунду ээлегенин айтып беришти.

Фестивалга Бишкек шаарындагы университеттердин таланттуу студенттери катышып, бир нече багыт боюнча күч сынашты: «Окуу жайдын презентациясы», «Дуэт аткаруу» жана «Бий номерлер».

Иш-чара «Евразия» коомдук фонду жана К.Карасаев атындагы БМУ тарабынан уюштурулуп, катышуучуларды даярдоо иштерин университеттин Жаштар саясаты жана спорт департаменти жүргүздү.

КУУнун ректору жаштар комитетинин кызматкерлерине жана фестивалга катышкан студенттерге ыраазычылык билдирип, мындай иш-чаралар студенттер үчүн чоң мотивация берүүчү жана тажрыйба алмашуучу аянтча болуп берээрин белгиледи.

Добавить комментарий