2026-жылдын 16-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Экономиканын жогорку мектебинин эл аралык олимпиадаларда жеңишке жетишкен студенттери жана окутуучулары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЭЖМ директору Нуриза Мусаева маалымдагандай, апрель айында 4-курс студенттери Астана шаарындагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университети уюштурган эл аралык олимпиадада ийгиликтүү катышып, «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» багыты боюнча 4-курстун студенттери биринчи орунду ээлешти. Ал эми жеке биринчиликте Нурзада Сартбаева жеңишке жетишти.

Мындан тышкары, ЭЖМ студенттери 2026-жылдын март айында Патрис Лумумба атындагы Россия элдеринин достугу университети уюштурган эсеп жана финансылык коммуникациялар боюнча эл аралык олимпиадада да баш байгеге ээ болушуп, жеке биринчиликте Айжамал Омурбекова экинчи орунду алган.

Ректор жеңүүчүлөрдү куттуктап, алардын жетишкендиктери университет үчүн чоң сыймык экенин белгиледи жана студенттерге тиешелүү дипломдорду тапшырды.

Добавить комментарий