2026-жылдын 16-апрелинде ректор, профессор Догдурбек Чонтоев Улуттук университетте узак жылдар бою үзүрлүү эмгектенген ардактуу кызматкерлер менен жолугушуу өткөрдү.
Жыйында университеттин учурдагы ишмердүүлүгү, билим берүү жана илимий багыттагы жетишкендиктери, о.э. алдыда турган артыкчылыктуу иштер тууралуу пикир алмашуу болду.
Догдурбек Чонтоев Аксакалдар кеңеши менен туруктуу негизде кызматташуу, тажрыйба алмашуу маанилүү экенин белгилеп, окуу жайга кошкон салымдары үчүн терең ыраазычылык билдирди.
Иш-чаранын алкагында университеттин 100 жылдык мааракесине карата ардактуу кызматкерлер «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» мааракелик медалы менен сыйланышты. Бул — окуу жайдын тарыхына чоң салым кошкон инсандарга көрсөтүлгөн терең урмат.
Медаль менен сыйланган кызматкерлер:
- Бекбалаев Амангелди Абдыжапарович — Ж.Баласагын атындагы КУУнун мурунку ректору, филология илимдеринин доктору, профессор;
- Эргешов Абдисатар Эргешович- Ж.Баласагын атындагы КУУнун мурунку проректору, филология илимдеринин кандидаты, доцент;
- Акчакеева Мария Султановна — Чет тилдер институтунун роман-герман тилдери кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент;
- Алыбаев Анарбек Масалбекович — Математика жана информатика институтунун профессору, физика-математика илимдеринин доктору;
- Байсабаев Бектурсун Ашымович — Кыргыз филологиясы факультетинин доценти, педагогика илимдеринин кандидаты;
- Бараталиев Керим Бараталиевич — Математика жана информатика институтунун профессору, физика-математика илимдеринин доктору;
- Бейбутова Ырысбүбү Алжанбаевна — Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин доценти, филология илимдеринин кандидаты;
- Жакыпбеков Жаныбек — Тарых жана челкем таануу институтунун профессору, тарых илимдеринин доктору;
- Саякбаева Айганыш Апышевна — Экономиканын жогорку мектебинин профессору, экономика илимдеринин доктору;
- Рахманкулов Бактияр Зулпукарович — Математика жана информатика институтунун директорунун тарбия иштери боюнча орун басары, физика-математика илимдеринин кандидаты;
- Хоролец Елена Георгиевна — чыгыш таануу, африканистика билим беруу программасынын башчысы, т.и.к., доцент;
- Джуманалиев Тынчболот Дадыйевич — Чыгыш таануу, африканистика билим беруу программасынын профессору, т.и.д.