2026-жылдын 14-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин биринчи проректору – окуу иштери боюнча проректору Алайбек Шамшиев Түштүк Кореянын Ханбат улуттук университетинен келген өкүлдөр менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз улуттук университети менен Ханбат университетинин ортосундагы кызматташтык ырааттуу өнүгүп жатканы белгиленип, тараптар мындан ары да өз ара пайдалуу демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Биринчи проректор билим берүү тармагындагы кызматташтык эки элди жакындаштыруучу маанилүү фактор экенин баса белгилеп, студенттердин корей тилине жана маданиятына болгон кызыгуусу өсүп жатканын кошумчалады.
Мындан тышкары, жолугушуунун алкагында академиялык мобилдүүлүк программаларын кеңейтүү, окутуучулар менен студенттердин алмашуусун активдештирүү, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Жолугушуунун алкагында Ханбат университетинин өкүлдөрү студенттер менен да жолугушуу өткөрүшүп, Түштүк Кореяда окуунун өзгөчөлүктөрү, билим берүү программалары жана университет тууралуу кеңири маалымат айтып беришти.
Белгилей кетсек, Ханбат улуттук университети Түштүк Кореянын Тэджон шаарында жайгашкан мамлекеттик университет. Окуу жай инженерия, медицина, искусство жана гуманитардык илимдер жаатындагы программалары менен белгилүү.