Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин №7 жатаканасында жашаган студенттер Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан уюштурулган жогорку окуу жайлардын студенттери арасындагы “Акыл таймаш” интеллектуалдык оюнуна катышып, 2-орунду ээлешти жана медаль, диплом, белектер менен сыйланышты.
К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде өткөрүлгөн мелдеште 10дон ашуун команда күч сынашты.
Команда мүчөлөрү: Жусуева Бахиана, Алыбек уулу Нурислам, Каныбек кызы Нурайым, Бакытбеков Кайрат жана Кадыров Самарбек.