2026-жылдын 13-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Синьцзян педагогикалык университетинин (СПУ) партиялык комитетинин катчысы Цзян Хайцзюнь мырза жетектеген СПУнун делегациясы менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар эки университеттин ортосундагы билим берүү жана илим изилдөө жаатындагы кызматташтыкты андан ары бекемдөө маселелерин талкуулашты.

КУУнун ректору делегацияны жылуу тосуп алып, бул иш сапар эки университеттин ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди андан ары чыңдоодогу маанилүү кадам катары каралаарын белгилеп, Синьцзян педагогикалык университети Кытай Эл Республикасынын билим берүү мекемелеринин арасында татыктуу орунду ээлеп, илимди өнүктүрүүгө жана жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого олуттуу салым кошуп жатканын билдирди. Ректордун айтымында, КУУ менен СПУнун ортосундагы өнөктөштүк узак мөөнөттөн бери уланып келе жатат. Улуттук университетте түзүлгөн Конфуций институту Кыргыз Республикасы менен Кытайдын ортосундагы билим берүү, илимий жана маданий байланыштарды чыңдоодо маанилүү платформа болуп саналат. «Мен биздин өнөктөштүгүбүз мындан ары да динамикалуу өнүгүп, узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн бекем пайдубал болуп берет деп ишенем», — деди КУУнун ректору.

СПУнун партиялык комитетинин катчысы жылуу тосуп алгандыгы үчүн ректорго ыраазычылык билдирип, университет тууралуу кыскача маалымат берди. Ал СПУда «Манас» изилдөө борбору бар экенин белгилеп, улуу эпосту изилдөөдө эң сонун натыйжаларга жетишкенин билдирди. Эки университеттин ортосундагы кызматташтыкты андан ары бекемдөө жөнүндө сөз кылып, Цзян Хайцзюнь мырза: «Студенттер жана окутуучулар менен алмашуудан тышкары, биз илимий изилдөөлөрдө, биргелешкен лабораторияларды жана борборлорду түзүүдө да кызматташа алабыз», — деди. СПУнун партиялык комитетинин катчысы Конфуций институтун колдогону үчүн КУУнун ректоруна өзгөчө ыраазычылык билдирип, «Институт ушундай колдоо менен гана өнүгө алат» деп баса белгиледи.

Маекти улантып, КУУнун ректору жаратылыш таануу илимдери боюнча да кызматташууну сунуштады. Мисалы, суу маселелери, мөңгүлөрдүн эриши жана башка темалар бүгүнкү күндө өзгөчө актуалдуу. Ал о.э. Конфуций институту жана анын кыргыз жана кытай тараптан директорлору мыкты иштеп жатканын белгилеп, «Конфуций институту мындан ары да биздин колдообуз менен иштей берет», — деди.

Жолугушууга ошондой эле: СПУнун өнүктүрүү жана пландаштыруу башкармалыгынын башчысы Тан Цзин, илим жана технология башкармалыгынын башчысы Ван Юнхуэй, эл аралык кызматташтык жана алмашуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Хан Цзион, эл аралык маданий алмашуу институтунун деканынын орун басары Лю Вэйцян, о.э. КУУнун эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Келдибеков жана Конфуций институтунун директорлору Жылдыз Үсөнбаева (кыргыз тараптан) менен Цзя Цзинфан (кытай тараптан) катышты.

Добавить комментарий