Кыргыз Республикасынын Илим, билим берүү жана инновациялар министрлигинин 2026-жылдын 10-мартындагы №137 буйругун аткаруу максатында 2026-жылдын 11-апрель күнү Улуттук университеттин студенттери менен кызматкерлери ишембиликке чыгышты.
Алар өздөрүнө бекитилген участоктордогу жер тилкелеринде санитардык тазалоо иштерин жүргүзүп, арыктарды тазалап, бак-дарактарды акташты.
Окуу имараттары менен жатаканалардын коменданттары ишембиликке чыккан студенттер менен кызматкерлерди жабдуулар менен камсыз кылышты.