2026-жылдын 10-апрель күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Бош орундар жарманкеси” жана “Ачык эшиктер күнү” өткөрүлдү.

Башкы имараттын алдына жык-жыйма толгон мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев кайрылуу жасап, бүгүнкү иш-чарага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, бир топ белгилүү ишкана, мекемелердин өкүлдөрү катышып жатканын, мындай кызматташтык – билим берүү менен эмгек рыногунун ортосундагы бекем байланыштын ачык айкын далили экенин белгиледи. Ректордун айтымында, бүгүнкү иш-чара жөн гана маалымат алмашуу аянтчасы эмес, бул – жаштардын келечегине багыт берген, билим менен кесипти, идея менен мүмкүнчүлүктү айкалыштырган маанилүү аянтча, болочок студенттер үчүн туура тандоонун башаты, өз келечек кесибин аңдап билүүнүн маанилүү кадамы.

Андан ары ал болочок абитуриенттерге Улуттук университет тууралуу кыскача маалымат берип, «Бүгүнкү иш-чара ар бириңиздер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, пайдалуу жолугушууларга жана маанилүү чечимдерге жол ачсын», — деп сөзүн жыйынтыктады.

Бишкек шаарындагы белгилүү ишкана, мекемелер катышып, эмгек рыногунун бардык тармактары боюнча бош жумуш орундары сунушталган «Бош орундар жарманкесинин” алкагында жумуш берүүчүлөр менен жумуш издеген жарандар баарлашып, жарандарга консультация берилди, ал эми КУУнун институттары, факультеттери жана колледждери кесипке багыт берүү көргөзмөсүн уюштуруп, алардын өкүлдөрү Бишкек шаары менен Чүй облусунун мектептеринен келген окуучулар үчүн Улуттук университеттеги багыттар жана студенттик жашоо жөнүндө маалымат беришти.

Белгилей кетчү нерсе — «Бош орундар жарманкеси” менен “Ачык эшиктер күнүнүн” жүрүшү КУУнун расмий сайтында, социалдык тармактарда жана ютюб-видеоплатформасында онлайн режимде чагылдырылып турду.

Ушундай эле иш чаралар Президенттин жарлыгы менен Улуттук университетке кошулган мурдагы Баткен, Нарын жана Талас мамлекеттик университеттеринде да өткөрүлдү.

КУУнун Баткендеги институту

2026-жылдын 10-апрель күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Баткен институтунда “Мен тандаган кесип – менин келечегим” аттуу ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Иш-чарага Баткен шаарынын мектептеринин 9-11-класстарынын жана “Ыйман гимназиясынын” окуучулары, о.э. Баткен көп тармактуу колледжинин студенттери катышышты.

Келген конокторду институттун студенттик кеңеши жана окутуучулар жамааты тосуп алып, окуу жайдагы адистиктери тууралуу даярдалган баракчаларды таратышты. Окуу жайдын алдында музыкалык фон менен студенттер тарабынан интерактивдүү оюндар, суроо-жооптор, маданий программалар уюштурулду.

  • Иш-чаранын салтанаттуу ачылышында Ж.Баласагын атындагы КУУ тарабынан уюштурулган «Ачык эшиктер күнү» онлайн көрсөтүлүп, катышуучулар КУУнун ректору профессор Д.Т.Чонтоевдин куттуктоо сөзү жана видео роликтер менен таанышышты. Андан кийин конокторго жалпы институт, абитуриенттерди кабыл алуу тууралуу маалыматтар берилип, окуу жайдын дарсканалары тааныштырылды.
  • @knu_j.balasagyn 
  • @knu.region
  • @batmu_ktk 
  • @dogdurbek.chontoev

КУУнун Нарындагы институту

КУУнун Таластагы институту

«Бош орундар жарманкесине» катышкан ишкана, мекемелер:

  • ОсОО “Немецкая академия Самара”
  • ОсОО “Даркхорс”
  • ОсОО «Секом»
  • ОсОО «Айвекс»
  • ОсОО “Умай Групп”
  • “Евразия”
  • ОАО “ДосКредобанк”
  • ОАО “Айылбанк”
  • ЗАО “Компаньон Банк”
  • ЗАО “Демирбанк”
  • ОАО “Бакай банк”
  • ОАО “Мбанк” (Коммерческий банк Кыргызстан)
  • ЗАО “Шоро”
  • ОсОО «Азия Ритейл»
  • ОсОО “Белая Река”
  • ОсОО “Абдыш-Ата”
  • ОсОО “Крембер”
  • ОАО “Бишкек Сут”

Добавить комментарий