2026-жылдын 7-апрель күнү башкы окуу имаратынын чоң жыйындар залында Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти тарабынан уюштурулган “Жан дүйнөнүн үнү” аттуу поэзия кечеси өткөрүлдү.

Иш-чарага катышкан студенттер ата-эне, адам өмүрү, мекен, тагдыр, сүйүү жана жалпы адамзаттык баалуулуктар тууралуу ыр саптарын айтышып, аталган темалар боюнча терең ойлорду көркөм сөз аркылуу жеткиргенге аракет кылышты. Бул алардын билим менен катар руханий жактан да өсүп жатканын, ички дүйнөсүнүн байып, чыгармачылык жөндөмдөрүнүн өнүгүп жатканын айгинеледи.

Поэзия кечесинин катышуучулары өз чыгармалары аркылуу жан дүйнөнүн үнүн угууга, оң багыт табууга, адилеттүүлүк жана адамгерчилик сыяктуу баалуулуктарды даңазалоого чакырышты.

Иш-чаранын соңунда ректор Догдурбек Чонтоев сөз сүйлөп, бүгүнкү өткөрүлгөн поэзия кечеси тарбиялык жактан чоң мааниси бар, ар бир катышуучуну терең ойго салган иш-чара болгонун, ал эми сахнадан жаңырган ар бир сап бул — жөн гана сөз эмес, бул — адамдын ички дүйнөсүнүн үнү болгонун белгиледи. Ал о.э. Жаштар саясаты жана спорт департаментинин кызматкерлери менен бир катар студенттерди коомдук жана маданий иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык каттар менен сыйлады:

  • Кызматкерлер: Дүйшөнөкүн уулу Адилет, Темирбекова Медина жана Бектурсунова Сумая.
  • Студенттер: Раатбеков Ринат, Айтбеков Тунак, Бурибаев Алтынай жана Кадыров Улукмырза.

Маданий иш-чаранын ийгиликтүү өткөндүгүн, кеченин фабуласы менен композициясы жаккандыгын проректорлор Назаркул Ишекеев, Гүлбара Сыдыкова жана Мырзабек Камчыбек уулу да белгилешти.

Поэзия кечеси КУУдагы маданий жашоонун өнүгүшүнө салым кошуп, жаштардын чыгармачылык дараметин колдоо максатында өткөрүлдү.

Добавить комментарий