Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасында Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин XXIII «Китеп искусствосу» эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи жана заманбап талаптарга жооп берген жаңы китеп басылмаларынын көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева, коомдук ишмерлер жана коомчулук өкүлдөрү катышты.
Аземдин жүрүшүндө Улуттук университеттин 100 жылдык мааракесине карата жазылган “От истоков к вершинам: 100 лет становления и развития Кыргызского национального университета (1925-2025)” аттуу китептин автору, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев аталган эл аралык сынактын “Илим жана билим берүү” номинациясында жеңишке ээ болуп, атайын диплом менен сыйланды. Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев тапшырды.