2026-жылдын 13-октябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюму менен Евразия лидерлер ассоциациясынын долбоорлорун тааныштыруу боюнча маалыматтык презентациялар өткөрүлдү.

Иш-чарага И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу кайра даярдоо институтунун студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер аталган уюм менен ассоциациянын ишмердүүлүгү, билим берүү, жаштар, маданият жана коомдук багыттарда ишке ашырылып жаткан долбоорлору, о.э. аларга катышуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттерди жаштар үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр менен тааныштыруу, алардын коомдук активдүүлүгүн жогорулатуу жана билим берүү менен чыгармачылык багыттагы долбоорлорго катышуусуна шарт түзүү болду.

(С) Темирбекова Медина — жаштар чыгармачылыгы жана маданий иштер сектор башчысы