2026-жылдын 7-апрель күнү Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун (СГИИ) окутуучулары менен студенттери 2010-жылдын апрелинде курман болгон кесиптеши Жолдошбек Кудайбергеновду эскеришти.
Иш-чараны СГИИ директору Абдикайым Жусубалиев ачып, мындан 16 жыл мурда кыргыздын жалпы мекенчил жаштары катары Жолдошбек Кудайбергенов да үй-бүлөлүк режимди алмаштырыш үчүн, элибизге жаркын жашоо бериш үчүн аянтка чыгып, өз жанын аябай, курман болгондугун белгиледи.
Жыйында институттун окутуучулары да чыгып сүйлөп, Алар «Ж.Кудайбергенов аз жашаса да, өмүрү жаштарга өрнөк болду. Ал окко учпаганда, дагы канча студенттерге билим берип, канчалаган жаштарды Мекенди сүйүүгө, эл-жерди барктоого үндөмөк. Анын жашоосу, жасаган эмгектери жаштарга дайым мисал болот. Биз аларды эч качан унутпайбыз» деген сөздөрдү айтышты.
Кыргыз коомунда жарандыктын жана мекенчилдиктин реалдуу мисалдарын 2010-жылы апрелде биздин чыныгы мекенчил азаматтарыбыз көрсөтүштү. Ж.Баласагын атындагы КУУнун социалдык гуманитардык институтунун ага окутуучусу, Жолдошбек Кудайбергенов ошолордун сап башында турган, Кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн чын жүрөгүнөн күйгөн мекенчил жаран катары аянтка барып, мекен келечеги үчүн өз өмүрүн курмандыкка чалды. Жолдошбектин өмүр таржымалы жаштарыбыз үчүн Ата-Мекенге берилгендиктин, аны сүйүүнүн үлгүсү.
2010-жылдагы Апрель окуясына түрдүү баа бергендер бар. Бирок, алар кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жаңы тарыхында из калтырган инсандар. Алардын эрдиги, эл эсинде түбөлүк кала берет!
(С) Жолдошева А.Ш. – СГИИ директорунун окуу иштери боюнча орун басары