2026-жылдын 10-октябрында физика жана электроника факультетинин студенттери менен окутуучулары №01-5/51 приказдын алкагында «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып келишти.
Экскурсиянын жүрүшүндө факультет деканынын орун басары Исмаилова Г.Д., тарбия иштери боюнча декандын орун басары Тыныбек к. А., техникалык физика кафедрасынын башкы лаборанты Дуулатбек к. Ф. жана музейдин экскурсоводу комплекстин тарыхы, 1916-жылдагы Үркүн окуясынын себептери жана кесепеттери, саясий репрессиялардын курмандыктары, о.э.тарыхый эс-тутумдун азыркы коом үчүн мааниси тууралуу маалымат беришти.
Окутуучулар жана студенттер саясий репрессиялардын бардык курмандыктарын эскерип, куран окушту. Бул сапар студенттерге өлкөбүздүн тарыхы тууралуу тереңирээк маалымат алууга, дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана ата-бабаларыбыздын эрдигинен үлгү алууга мүмкүнчүлүк түздү.
(С) Тыныбек кызы Айдана — тарбия иштери боюнча декандын орун басары