2027-жылдын 1-сентябрынан тартып кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарында билим алуучулардын стипендиялары жогорулайт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Төлөнүүчү стипендиялардын өлчөмдөрү о.э. жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүп жаткан адамдарга да көбөйтүлөт.

Президенттин 2005-жылдын 19-январындагы №20 стипендиялардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө жарлыгы күчүн жоготту деп таанылды.

Булак: https://bilim.akipress.org/kg/news:811885//?f=cp