2026-жылдын 8-апрелинде башкы имараттагы чоң азем залында “Мыкты класс жетекчи-2026” республикалык онлайн кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды.

Сынак Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы тарабынан жыл сайын салттуу түрдө уюштурулуп, быйыл 5-ирет өткөрүлдү. Куттуу окуу жайдын башкы азем залы улуу кесипти аркалаган өлкөнүн эң мыкты мугалимдерине толуп, иш-чара чоң салтанат менен коштолду. Республиканын бардык облустарынан иш-чарага 131 мугалим келип катышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “Улуттук нарк жөнүндө”, «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу жөнүндө Жарлыктарын жана “2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн Концепциясын”, “Кыргыз Республикасында он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясын” жүзөгө ашыруу максатында “Мугалим” илимий-педагогикалык журналы И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту менен биргеликте 2026-жылдын январь-февраль-март айларында мугалимдер арасында республикалык деңгээлде уюштурулган “Мыкты класс жетекчи-2026” онлайн кароо-сынагы 2 этап, 5 багыт менен өткөрүлдү. 

Быйылкы жылы жалпысынан  конкурска  республика боюнча 157 класс жетекчи (мугалим) катышып, 131 конкурсант ат салышты. Сынакка жалпы билим берүүчү орто мектептерде, гимназия-лицейлерде, мектеп-интернаттарда эмгектенип жаткан интеллектуалдык потенциалы бийик,  тажрыйбалуу, таланттуу, ар тараптан өздөрүнүн чыгармачылыгы менен айырмаланган мугалимдер, окутуучулар (класс жетекчилер) катышты.

Сынактын максаты:

  • чыгармачыл мугалимдерди, мыкты класс жетекчилерди табуу жана аларды жалпыга таанытуу менен мыкты  мугалимдерди үлгү катары көрсөтүү;
  • республикадагы чыгармачыл мугалимдерди топтоо, аларды “Мугалим” илимий-педагогикалык журналына чагылдыруу;
  • класс жетекчиликтин ар тараптуулугун жана кызыктуулугун арттыруу, колдоо көрсөтүү;
  • тарбиялык иштин ролун күчөтүү;
  • мектеп менен жогорку окуу жайдын кызматташтыгын арттыруу;
  • мугалим адистерди даярдоодо биргеликте аракет жасоо.

Сынактын жүрүшүндөгү ар бир тапшырма көз карандысыз калыстар тобу, редакциялык кеңеш тарабынан бааланды. Калыстардын курамы педагог-окумуштуулар, жаӊычыл, чыгармачыл мугалимдерден турду.

Биринчи этаптын багыттары:

  • класс жетекчилер үчүн тесттик тапшырма (40 упай).  
  • тарбиялык видеосабак (50 упай).

Эӊ көп упай менен бааланган алдыңкы 6 сабак “Мыкты сабак”, “Илимий сабак”, “Санарип сабак” наамына ээ болушту.

Экинчи этаптын багыттары:

  • педагогикалык кырдаалга жооп берүү (40 упай).   
  • педагогика-психология боюнча тесттик тапшырма. (40 упай).  
  • класс жетекчиликке байланыштуу комплекстүү тест (40 упай).  

Сынактын жеңүүчүлөрүнө төмөндөгүдөй наамдар жана сыйлыктар берилди:  

Кароо-сынактын Баш байгесинин ээси: Эсентурова Мээримгүл Асановна  — Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы №68 жалпы билим берүү мектебинн кыргыз тили жана адабияты мугалими.

1-орун Кемелов Урматбек Доскулбекович  — Жумгал районундагы Мыскал Өмүрканова атындагы жалпы билим берүү мектебинин информатика мугалими

1-орун Батирова Бегимай Жоошбайевна — Лейлек районундагы   “Кыргызстандын 40 жылдыгы” жалпы билим берүү мектеби мекемесинин башталгыч классынын мугалими

 2-орун Өмүралиева  Гүлзат Айтмурзаевна  — Тогуз-Торо районундагы  №3 Бейше Урстөмбеков атындагы жалпы билим берүүчү мектеби-мекемесинин башталгыч классынын мугалими

3-орун Алекова Бермет Болотбековна  — Ак-Суу районундагы Үтүр Калиев атындагы Чолпон жалпы билим берүү мектебинин  башталгыч классынын мугалими

3-орун Мурзат кызы Айдай — Тогуз-Торо районундагы №3 Бейше Урстөмбеков     атындагы жалпы билим берүү мектеби-мекемесинин башталгыч классынын  мугалими

4-орун Курбанбаева Калыскан Калмаматовна  — Баткен шаарындагы Баткен областтык жалпы билим берүү жатак-мектебинин жогорку, тарых жана адам жана коом предметинин мугалими

5-орун Акматова Назира Рахматуллаевна — Ысык-Ата районундагы Кант шаарынын №2 Какиш Рыскулова атындагы жалы билим берүү орто мектебинин  математика жана информатика мугалими

5-орун Дуйшөнбек кызы Бегимай — Ат-Башы  районундагы Искендеров атындагы жалпы билим берүү мектебинин орус тили жана адабияты  мугалими

5-орун  Турумбекова Айтолкун Канатбековна — Ак-Суу районундагы Мамбет Мамакеев жалпы билим берүү орто мектебинин англис тили мугалими

“Мыкты STEM сабак” наамы менен:

1. Исмаилова Радмила  Асангуловна  — Тоӊ районундагы  Сагынтай  атындагы жалпы билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими

2. Сабитова Насыйкат  Эсенбековна  — Бишкек шаарындагы №68 Алыкул Осмонов атындагы жалпы билим берүү мектебинин  тарых мугалими  

“Илимий сабак” наамы менен:

3. Көчкөнбаева Сайрагүл Амангелдиевна  — Өзгөн районундагы №6 Тагай Асранов атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектеби мекемесинин тарых мугалими

4. Агышова Аида Кумарбековна  — Тоӊ районундагы Азиз Салиев атындагы  жалпы билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими

“Мыкты креативдүү сабак” наамы менен:

5. Бердикожоева Жазгүл Чымырбековна  — Нарын шаарындагы  №2  В.П. Чкалов атындагы жалпы билим берүү мектебинин математика мугалими

“Мыкты санарип сабак” наамы менен:

6. Каныбек кызы Жыпаргүль   —  Жети-Өгүз районундагы Жумадыл Байболотов атындагы жалпы билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими

“Билимдүү клас жетекчи” наамы менен:

7. Күлчоро кызы Света  — Сокулук районундагы Кусеин Карасаев атындагы №1 жалпы билим берүү мектебинин физика жана информатика мугалими

8. Насипбаева Эльмира Автандиловна  Талас районундагы Атай Огонбаев атындагы орто мектебинин биология сабагынын  мугалими

9. Шарипова Айнагул Шариповна  — Сокулук районундагы “Давха-Сокулук” орто мектебинин  орус тили жана адабияты мугалими.

Өлкөбүздүн эң мыкты мугалимдеринин башын кошкон, иш берүүчүлөр менен болгон кызматташууну күчөткөн мындай саамалыкты куттуу университетибизде өткөрүү ары сыймыктуу, ары кубанычтуу.  

(С) Рахат Сулайманова — “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын башкы редактору

Добавить комментарий