Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө жарлыгын, Туруктуу өнүгүү максаттарын, 12 жылдык билим берүү системасына өтүү концепциясын ишке ашыруу максатында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети “Мугалим” илимий-педагогикалык журналы менен биргеликте жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында өткөрүлүп жаткан «Мен мугалим болом – 2026» эл аралык сынагынын I туру ийгиликтүү аяктады.

Сынак 2026-жылдын 3-апрелинде онлайн форматта уюштурулду. Биринчи этапта катышуучулар үчүн эссе жазуу сынагы өткөрүлүп, алардын педагогикалык ой жүгүртүүсү, чыгармачылык жөндөмү жана мугалимдик кесипке болгон көз карашы бааланды.

Сынакка Кыргыз Республикасынын 19 жогорку окуу жайынан  жана чет өлкөлөрдүн 2 жогорку окуу жайынан жалпы 64 студент катышып, “Мен кандай мугалим болом?”, “Замандын мугалими кандай болушу керек?”, “Мугалим – коомдун күзгүсү” ж.б. ушул сыяктуу актуалдуу темалардын алкагында өз ойлорун терең жана мазмундуу чагылдырышты.

Катышуучулар өз эмгектеринде мугалимдик кесиптин коомдогу орду, билим берүүдөгү инновациялык ыкмалар, ошондой эле окуучулардын инсандык өнүгүүсүнө кошкон салымы тууралуу кеңири ой бөлүштү.

Эсселер калыстар тобу тарабынан төмөнкү критерийлердин негизинде бааланды: теманын актуалдуулугун ачып берүү; автордук позициянын айкын болушу; түзүлүшүнүн сакталуусу; мазмундун тереңдиги жана мисалдардын колдонулушу; тил маданияты жана сабаттуулук; ойдун логикалуулугу жана ырааттуулугу; көлөмүнүн талапка ылайыктуулугу; чыгармачылык жана өзгөчөлүк.

Жыйынтыгында эң мыкты 19 студент сынактын II туруна тандалып алынды:  

  • Шапенова Гульназ Жусуповна — Астана шаары, А.К.Кусаинов атындагы Евразия гуманитардык институту
  • Жауказын Тлектез кызы – Алматы шаары, Казак улуттук аялдар педагогикалык университети
  • Жумабекова Айжамал Жыргалбековна – К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети
  • Азимжанова Айкыз Мухтаржановна — Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети
  • Өмүралиев Тилеген – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети, кыргыз филологиясы факультети
  • Сайнидинова Аяна Азизовна — И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
  • Үмөталиева Атыргүл Мырзабайматовна — Ош мамлекеттик университети
  • Алишер кызы Феруза — Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек университети
  • Жумабек кызы Нурайым – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Нарын кампусу
  • Майрамбек кызы Адина – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети, И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институту
  • Тилекбаева Адина Абдымомуновна — Эл аралык Кувейт университети
  • Халдаралиева Сайкал Уланбековна — Ош мамлекеттик педагогикалык университети
  • Ратбеков Ринат – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети, Физика жана электроника факультети
  • Худайберди Даяна – «Ала-Тоо» Эл аралык университети
  • Исмаилова Ширин – С.Мамбеткалиев атындагы Чүй университети
  • Эргешова Эленора Азатбековна — Кызыл-Кыя гуманитардык педагогикалык институту
  • Бердикулова Айчүрөк Салижановна – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Кызыл-Кыя кампусу
  • Артисбек кызы Адина – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети, И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институту
  • Корошов Марлен —  Кыргыз-Түрк «Манас» университети

II турда бул студенттер мыкты сабак өтүү боюнча өз ара ат салышып, жыйынтыгында 10 студент III турга жолдомо алышат.

Конкурсанттарга алдыдагы этаптарда ийгилик, чыгармачылык дем жана чоң жеңиштерди каалайбыз!

(С) Айсулуу Эгамбердиева — И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институтуттун директорунун илимий иштер боюнча орун басары

Добавить комментарий