Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоевдин буйругу менен буга чейин Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаментинин директору болуп иштеп келген Касмакунов Ынтымак Тилекович 2026-жылдын 6-апрелинен тартып координатор-ректораттын аппарат жетекчиси кызматына дайындалды.
Ушул эле буйруктун негизинде буга чейин аталган департаменттеги жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүмдү жетектеп келген Абдыбекова Айжан Асанакуновна 2026-жылдын 6-апрелинен тартып Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору болуп дайындалды.

