2026-жылдын 3-апрель күнү Кыргыз улуттук университетинин Юридика институтунда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, «Мамлекет менен укуктун теориясы жана тарыхы, эл аралык укук» кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин кандидаты, профессор Болот Токтобаевдин 70 жылдык мааракесине арналган “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик түзүлүш жана укук системасынын актуалдуу маселелери” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Аталган иш-чарага КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев баштаган администрация мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен, Улуттук аттестациялык комиссиясынан, Конституциялык сотунан, Жогорку сотунан, Башкы прокуратурасынан, о.э. жогорку окуу жайларынан келген өкүлдөр, юридика тармагы боюнча алдыңкы окумуштуулар, окутуучулар, жаш изилдөөчүлөр жана студенттер катышты.
Жыйында алгач УТРКнын тележурналисти Дүйшөк Мамбетомуров даярдаган Болот Токтобаев тууралуу интервью жанрындагы видеотасма көрсөтүлдү.
Андан кийин КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев профессор Болот Токтобаевди 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, талыкпаган эмгеги, кесиптик ишмердүүлүгү, адилеттүүлүккө болгон позициясы жамаатта жогору бааланарын, анын ичинде өзү окуп бүтүргөн Улуттук университетте жетекчилик кызматтарды аркалаганын белгилеп өттү. Буга катар ректор бүгүнкү илимий конференциянын программасы актуалдуу темаларга багытталып, кенен түзүлгөнүн кошумчалап, бардык катышуучуларга ийгилик каалады.
Илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу Болот Токтобаевга илим-билимге жана коомго арнаган үзүрлүү эмгеги үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык юбилейлик медалын тапшырды.
Мындан тышкары пленардык жыйында профессордун окумуштуу катары изилдөөлөрүн, мамлекет жана укук теориясы боюнча терең фундаменталдык билимге ээ юристтерди даярдаганын шакирттери жана кесиптештери тарабынан куттуктоо сөздөрдө айтылды.
Конференциянын алкагында катышуучулар тарабынан илимий баяндамалар окулуп, секцияларда өлкөдөгү мамлекеттик түзүлүштүн өнүгүүсү, укуктук реформалар, мыйзам чыгаруудагы заманбап багыттар жана укуктук системанын актуалдуу көйгөйлөрү боюнча кеңири талкуулар жүргүзүлдү.