2026-жылдын 21-март күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев баштаган түзүм жетекчилери менен окумуштуулар Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен КУУнун курамына кошулган үч аймактык жогорку окуу жайлардын бири болгон С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине иш сапары менен барды.

Окуу жайдын эмгек жамааты менен болгон жолугушууда ректор катышуучуларды Нооруз майрамы менен куттуктап, биримдик менен ынтымак болгон жерде өнүгүү да, береке да болоорун белгиледи, окутуучуларга чың ден соолук, жаңы дем-күч, чыгармачыл жетишкендиктерди, ал эми студенттерге билимдин бийик чокусун багындырып, өлкөнүн татыктуу жарандары болушун каалады.

Жыйындын жүрүшүндө ректор мурдагы НМУга окуу процессине керектелүүчү техника, ал эми эмгекте өзгөчөлөнгөн кызматкерлер менен студенттерге ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды тапшырды. Д.Чонтоев о.э. окуу жайдын илимий-инновациялык жетишендиктери менен таанышып, алдыда аткарыла турган иш мерчемдерин белгиледи.

Жолугушуудан кийин КУУнун жетекчилери окуу жайдагы Жер ресурстарын комплекстүү башкаруу (Integrated Land Resource Management) боюнча борбордун ачылыш аземине катышты. Илим жана инновация борборунун жетектөөчү адиси Адилет Мамырбаевдин айтымында, борбор аймактын географиялык өзгөчөлүктөрү үчүн стратегиялык мааниге ээ. ​Борбордун негизги милдеттери жана илимий багыттары:

  • ​Туруктуу жер колдонуу: Орто Азиянын, өзгөчө тоолуу аймактардын кыртышынын деградацияга учурашын алдын алуу жана жерди сарамжалдуу пайдалануу ыкмаларын иштеп чыгуу.
  • ​ГИС-технологияларды колдонуу: Картага түшүрүү жана жер ресурстарын санариптик мониторингдөө аркылуу илимий негизделген чечимдерди кабыл алуу.
  • ​Климаттын өзгөрүүсүнө адаптация: Кургакчылыкка жана климаттын кескин өзгөрүүсүнө туруштук бере алган айыл чарба технологияларын изилдөө.
  • ​Эл аралык тажрыйба алмашуу: Австриянын жана башка өнөктөш өлкөлөрдүн алдыңкы окумуштуулары менен биргеликте гранттык долбоорлорду ишке ашыруу.
  • ​Академиялык мобилдүүлүк: Студенттер жана окутуучулар Австриянын ЖОЖдорунда стажировкадан өтүү же тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн алышат.
  • ​Биргелешкен дипломдук программалар: Келечекте Европа стандарттарына жооп берген окуу программаларын киргизүүгө жол ачылат.
  • ​Заманбап лабораториялар: Илимий борбордун алкагында топуракты жана сууну анализдөөчү заманбап жабдыктар менен камсыз болуу мүмкүнчүлүгү.

КУУнун өкулдөрү ушул эле күнү Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен өткөн Нооруз майрамына да катышты.

Жер ресурстарын комплекстүү башкаруу боюнча борбордун ачылышы

Добавить комментарий