2026-жылдын 19-мартында башкы имараттын алдындагы аянтчада Нооруз майрамына арналган салтанаттуу чоң иш-чара өткөрүлдү. Нооруз – жаздын келүүсүн, жаңыланууну жана ынтымакты даңазалаган улуу майрам катары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери менен окутуучуларын бириктирди.

Кесиптик бирлик комитети менен Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти биргеликте уюштурган салтанат аластоо менен башталып, Умай эненин образындагы Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын профессору Калыйкан Мамбетова “Алас, алас! Ар балээден калас! Эски жыл кетти, жаңы жыл келди! Айдан аман, жылдан эсен чыгалы!” деп, арча түтөтүп, майрамдык иш-чаранын катышуучуларын аластады.

Андан кийин КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев, Жогорку Кеңештин вице-спикери Болот Ибрагимов, депутат Табылды Муратбеков жана кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков университеттин жамаатын Нооруз майрамы менен куттукташып, катышуучулардын баарына аманчылык, токчулук каалашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук каада-салттар көрсөтүлүп, кыргыз элинин бай маданияты чагылдырылды. Студенттер улуттук кийимдерди кийип, ыр-бийлерди аткарып, келген конокторго майрамдык маанай тартуулашты.

Майрам учурунда улуттук оюндар да уюштурулуп, аркан тартыш, тогуз коргоол сыяктуу оюндар боюнча мелдештер өткөрүлдү. Бул оюндар жаштардын шамдагайлыгын, биримдигин көрсөтүүгө шарт түздү.

Концерттик программа аяктаган соң, бириккен кесиптик бирлик комитети тарабынан Рамазан айынын соңку күнүнүн урматына жалпы жамаатка жана меймандар үчүн ооз ачуу дасторкону уюштурулду.

 

Добавить комментарий