2026-жылдын 13-мартында Улуттук университте «Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында студенттик илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.
Жыйынга биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, институт жана факультет түзүмдөрүнүн активдүү студенттери катышып, мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Динара Мырзагулова алып барды.
Биринчи проректор жаштарга уңгужолго байланыштуу университетте байма-бай өткөрүлүп жаткан бардык иш-чаралардын максаты — нарктуу, мекенчил, жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандырып, кубаттуу мамлекет куруу экенин белгилеп өттү. Буга катар бүгүнкү жасалган баяндамалардан мезгил чакырыктарына жооп бере алган, мазмундуу сунуштамалар болооруна ишенээрин билдирди.
«Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» доктринасын жаштардын көзү менен жалпылап ала турган болсок эне тилге жана «Манас» эпосуна болгон чакырыктар басымдуу болду.
Мындан тышкары, улуттук оюм-чийимдердин STEАM билим берүү методикасы менен байланышы, комуз жана нейрогимнастика, боз үйдүн математикалык түзүлүшү, тарыхый эс-тутум, адамзат баалуулуктары, нарктуулук, тоо туризми, билимдүү жаштар темалары өтө кызыктуу баяндалды.
Илимий-конференциянын соңунда мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев улутка дем жана күч боло турчу жигердүү студенттерге ийгилик каалап, сертификаттарды тапшырды.