2026-жылдын 26-февраль күнү Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз кары Закиров Улуттук университеттин студенттерине “Үй-бүлөлүк баалуулуктар” деген темада лекция өткөрдү. Иш-чара университеттин Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти тарабынан уюштурулуп, аталган департаменттин директору Ынтымак Касмакунов, Математика жана информатика институтунун директору Изат Усенов, о.э. факультеттер менен институттардын студенттери катышышты.
Муфтияттын өкүлдөрүн ректораттын аппарат жетекчиси Доорон Кубатбек уулу тосуп алып, студенттерге тааныштырды жана иш-чаранын маанисине токтолду.
Абдулазиз кары Закиров жаштарды билим алууга, ыйман-адепти сактоого жана коомго пайдалуу инсан болууга чакырып, ата-энени урматтоо — ыймандын белгиси экенин белгиледи. Дин аалымы о.э. үй-бүлө — адамдын бакыты жана коомдун негизи экенине токтолуп, “Кээде пикир келишпестик, уруш-талаш болушу мүмкүн, бирок сабырдуулук, урмат-сый, бири-бириңерди түшүнүү менен көйгөйлөрдү чечүүгө болот. Бекем үй-бүлө — тынчтык жана бакыттын булагы”, — деди.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер өз суроолорун берип, актуалдуу маселелер боюнча кеңеш алышты.