2026-жылдын 9-октябрында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин профессор К. Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн теориясы жана практикасы кафедрасы тарабынан мугалимдер күнүнө арналган «Мугалим – коомдун күзгүсү, келечектин багыты» аттуу майрамдык жолугушуу уюштурулду. Майрамдык жолугушууга Ж.Баласагын атындагы КУУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору, КР УИАнын корр.-мүчөсү, п.и.д., профессор Назаркул Ишекеев, факультеттин окутуучу-профессорлору, 1-2-3-курстун студенттери, Бишкек шаарындагы №9, №13, №52, №58, №78 жалпы билим берүүчү орто мектептеринин жана «Маариф» жеке менчик мектебинин мугалимдери катышышты.
Жолугушуунун негизги максаты – мугалимдик кесиптин коомдогу ордун даңазалоо, билим берүү тармагында эмгектенип жаткан агай-эжейлерге урмат-сый көрсөтүү, мектеп менен жогорку окуу жайдын ортосундагы байланышты чыңдоо жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүү болду.
Иш-чара студенттердин күчү менен даярдалган мугалимдерге арналган ырлар, көркөм окуулар жана мектеп мугалимдери менен уюштурулган кызыктуу суроо-жооптор менен коштолуп, жандуу жана жагымдуу маанайда өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө профессорлор Н. Ишекеевдин, Б. Байсабаевдин жана Ж. Чымановдун таасирдүү сөздөрү катышуучуларга өзгөчө дем-күч берип, келечектеги мугалимдердин кесиптик көз карашын калыптандырууга жана мугалимдик кесипке болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү. Ал эми мектеп мугалимдеринин иш тажрыйбалары, турмуштук мисалдарга негизделген ой-пикирлери жана баалуу кеңештери студенттер үчүн маанилүү сабак болуп, алардын келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө багыт берди.
Жолугушуунун соңунда мектеп мугалимдерине алардын талыкпаган эмгегине, билим берүү тармагына кошкон салымына жана иш-чарага активдүү катышкандыгына ыраазычылык иретинде белектер жана ыраазычылык каттар тапшырылды.
Мазмундуу жолугушуу мугалимдик кесиптин бийик миссиясын даңазалап, устаттар менен келечектеги педагогдордун ортосундагы сый-урматты, ынтымакты жана кесиптик байланышты бекемдеген, студенттерге шыктануу тартуулаган өзгөчө майрамдык иш-чара болду.
Жолугушуу устат менен шакирттин байланышын бекемдеген, мугалимдик кесиптин кадыр-баркын даңазалаган мазмундуу иш-чара катары жыйынтыкталды.
Кафедранын жалпы жамааты бардык катышуучуларга терең ыраазычылык билдирип, мугалимдерге бекем ден соолук, чыгармачылык ийгилик жана кесиптик бийиктиктерди каалайт!
(С) Аскар кызы Жылдыз — кафедра башчысы, п.и.к., доцент