2026-жылдын 8-9-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Түркологиялык окуу-4» сериясынын алкагында «Түрк дүйнөсүндө Азербайжан тили жана адабиятынын изилдениши-3» аттуу эл аралык илимий симпозиум өттү.
Илимий иш-чара Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына жана I Баку түркологиялык курултайынын 100 жылдыгына арналды.
Симпозиумдун негизги максаты – түрк дүйнөсүндө азербайжан тилин жана адабиятын изилдөөнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо, түркология тармагындагы илимий изилдөөлөрдүн жаңы багыттарын аныктоо, окумуштуулардын тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү жана түрк тилдүү мамлекеттердин илимий-билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү.
Иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан, Франциянын жана башка чет өлкөлөрдүн белгилүү окумуштуулары, жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы, изилдөөчүлөрү, түркология багытындагы адистери жана студенттер катышты.
Симпозиумдун ачылыш аземинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Токтосартович Чонтоев куттуктоо сөз сүйлөп, эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана түркологиялык изилдөөлөрдү жаңы деңгээлге чыгаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Иш-чаранын ачылышында ошондой эле Азербайжандагы ТҮРКСОЙдун өкүлү Вугар Мамедов, Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Латиф Сейфаддин оглу Гандилов жана Хазар университетинин негиздөөчүсү, Камкорчулар кеңешинин төрагасы Хамлет Исаханлы куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Андан соң университетибиздин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн кыргыз тили, кыргыз адабяты жана азербайжан тили жана адабияты менен салыштырма өңүттө изилдөөлөрдү жүргүзүп жүргөн, коомдук иш-чараларга активдүү катышкан төмөндөгү студенттерге REEF GROUP (Риф груп) компаниясынын президенти Азер Шүкүров стипендия тапшырды: Сокучиева Аяна, Дүйшөналиева Нураида, Дүйшекеева Таңсулуу, Жолчубекова Акылай.
Андан соң пленардык отурумда түрк элдеринин оозеки чыгармачылыгындагы ортоктуктар жана айырмачылыктар, Түркиядагы азербайжан адабиятын изилдөө, Мухтар Ауэзов менен азербайжан адабиятынын руханий байланыштары, Азербайжан тили менен адабиятын Европада окутуунун тажрыйбасы жана өзбек поэзиясында Карабах эркиндигинин көркөм чагылдырылышы сыяктуу актуалдуу маселелер талкууланды.
Пленардык баяндамаларда профессор Сулайман Кайыпов, профессор Явуз Акпынар, Урзада Муссабекова, Тамерлан Кулиев жана профессор Маруфжон Юлдашев илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары менен бөлүшүштү.
Симпозиумдун түштөн кийинки бөлүгү төрт секцияда иш алып барды:
1-секция – «Түрк дүйнөсүндө азербайжан тилин изилдөөнүн актуалдуу маселелери жана салыштырма-тарыхый тил илиминдеги жаңылыктар»;
2-секция – «Азербайжан адабияты жана түрк элдеринин адабий байланыштары: тарыхы, бүгүнкүсү жана келечеги»;
3-секция – «Түрк тилдерин жана адабиятын окутуунун заманбап методикасы: инновациялык технологиялар жана тажрыйбалар»;
4-секция онлайн форматта – «Түрк дүйнөсүндө азербайжан тилин изилдөөнүн актуалдуу маселелери жана салыштырма-тарыхый тил илиминдеги жаңылыктар» багытында өттү.
Секцияларда азербайжан тилин изилдөөнүн салыштырма-тарыхый маселелери, азербайжан адабияты жана түрк элдеринин адабий байланыштары, түрк тилдерин жана адабияттарын окутуунун заманбап методдору, инновациялык технологиялар жана Азербайжан тилин изилдөөнүн актуалдуу багыттары каралып, секциялык иштер аяктаган соң баяндамачыларга сертификаттары тапшырылды.
Симпозиумдун жүрүшүндө катышуучулар түркология илимин өнүктүрүү, Азербайжан тилин жана адабиятын изилдөө боюнча эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу, жаш окумуштууларды колдоо жана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү боюнча пикирлерин билдиришти.
Иш-чаранын жыйынтыгында түркологиялык изилдөөлөрдү мындан ары өнүктүрүүгө, түрк элдеринин тилдик, адабий жана маданий мурастарын биргелешип изилдөөгө жана эл аралык илимий кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган симпозиумдун резолюциясы кабыл алынды.
Симпозиумдун биринчи күнүндөгү расмий жана секциялык жыйындар аяктагандан кийин чет өлкөдөн келген коноктор үчүн кечки тамак уюштурулду. Кечки тамак Кыргызстандагы азербайжандардын «Бирлик» коомдук бирикмесинин төрагасы Хансывар Бахшалиевдин демөөрчүлүгү менен өткөрүлдү.
Симпозиумдун экинчи күнү маданий-агартуу иш-чаралары менен коштолду. Алгач чет өлкөдөн келген коноктор Республикалык археологиялык-архитектуралык «Бурана мунарасы» музей-комплексине барышып, кыргыз элинин байыркы тарыхы жана маданий мурастары менен таанышышты.
Андан соң, 9-октябрда, симпозиумдун катышуучулары үчүн Кыргызстандын бермети аталган Ысык-Көлгө атайын экскурсия уюштурулду. Кылымдарды карыткан тарыхы, ажайып жаратылышы жана көк мелжиген тоолор менен курчалган кереметтүү көлдүн кооздугу чет өлкөдөн келген конокторду кайдыгер калтырган жок. Коноктор Ысык-Көлдүн табигый сулуулугуна суктанып, кыргыз жеринин өзгөчө көркүнө күбө болушту. Бул маданий сапар катышуучуларга Кыргызстанды жаңы өңүттөн таанып-билүүгө, анын тарыхый-маданий байлыгын жана жаратылыш кереметтерин жакындан сезүүгө мүмкүнчүлүк түздү.
Бир күндүк экскурсиянын соңунда «Түркологиялык окуу-4» симпозиуму өз ишин жыйынтыктады. Илимий талкууларга, пикир алмашууларга жана маданий жолугушууларга бай болгон иш-чара түрк дүйнөсүндөгү илимий кызматташтыкты чыңдоого, өз ара достук мамилелерди бекемдөөгө жана келечектеги биргелешкен долбоорлорго жол ачууга өбөлгө түздү.
Белгилей кетсек, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети түркология багытындагы эл аралык илимий кызматташтыкты системалуу түрдө өнүктүрүп келет. Университеттин Түркология жана котормо таануу бөлүмү буга чейин да түрк тилдери, адабияты жана маданияты боюнча эл аралык илимий иш-чараларды өткөрүп, чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар жана илимий мекемелер менен кызматташтыкты кеңейтип келет.
(С) Бурул Элебесова — түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент