2026-жылдын 9-октябрь күнү санариптик технологиялар борборунда Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, драматург Мурза Гапаровдун 90 жылдыгына арналган «Адабияттын мырзасы» аттуу илимий конференция болуп өттү.
Иш-чараны куттуктоо сөзү менен КУУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору Назаркул Ишекеев ачып берген соң, төмөндөгү баяндамалар окулду:
- Абдиламит Матисаков — Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, профессор: «Көркөм сөздүн чебери»;
- Садык Алахан — ф.и.д., профессор: «Мурза Гапаровдун пьесалары кыргыз драматургиясынын контексинде»;
- Абдыкерим Муратов — п.и.д., профессор: «Мурза Гапаров жөнүндө сөз»;
Конференцияга о.э. Кыргыз Республикасынын Эл акыны Атантай Акбаров, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Тазагүл Закирова, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Тынчтыкбек Нурманбетов, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер Бүбүайша Арстанбекова, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Топчугүл Шайдуллаева жана Мурза Гапаровдун уулу Исраил Гапаров катышып, сөз сүйлөштү.
Алар Мурза Гапаровдун чыгармачылыгы тууралуу ой бөлүшүп, анын адабияттагы ордун жана чыгармаларынын көркөмдүк өзгөчөлүктөрүн белгилешти.
Жыйындын модераторлук милдетин Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев аткарды.