2026-жылдын 23-февраль күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Улуттук университетке келген КУУнун Талас жана Нарын кампустарынын студенттери менен жолугушту.
Жыйынды биринчи проректор — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев ачып, бүгүнкү жолугушууга Талас жана Нарын кампустарынан 20 студент келгенин, Баткен кампусунан бүгүн келишээрин, аларга жатаканалардан орун берилип, бардык шарттар түзүлгөнү тууралуу маалымат берди.
Ректор Догдурбек Чонтоев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2025-жылдын 11-сентябрындагы №256 жарлыгы менен Нарын, Талас жана Баткен мамлекеттик университеттери Ж.Баласагын атындагы КУУга кошулганын, учурда аны ишке ашыруу боюнча юридикалык процедуралар жүрүп жатканын айтып, «Биз ал процедуралардын бүтүшүн күтпөй эле, мобилдүүлүк программаларын баштай берели деп чечтик» деди. Ректордун айтымында, бул жолкусунда студенттер Улуттук университетте 23-февралдан 6-мартка чейин 2 эле жума болушса, кийинкилери узагыраак мөөнөткө келишет. Аймактык кампустарга о.э. КУУнун профессорлору да барып, сабак беришет. — Ошондуктан, силер жакшылап билим алгыла, салыштыргыла, кайра барганда курсташтарыңарга айтып бересиңер. Быйыл Улуттук университеттин дипломун аласыңар. Баарыңарга ийгилик, — деди Догдурбек Чонтоев.
Аймактык маселелер боюнча проректор Кундуз Базакеева аймактык кампустар менен Улуттук университеттеги өзгөчөлүктөр тууралуу кыскача маалымат берип, студенттерге ийгилик каалады.
Жолугушууга о.э. студенттерди коштоп келген окутуучулар менен студенттер окуй турган факультет/институттардын жетекчилери катышты.
Белгилей кетсек, аймактык кампустардан келген студенттер 2 жума бою Педагогика багытынын “Башталгыч билим берүү” профилинен, Экономика багытынын “Каржы жана насыя” профилинен, Экономикадыгы колдонмо информатика багытынын “Колдонмо информатика” профилинен жана Филологиялык билим берүү багытынын “Англис тили” профилинен билим алышат.