2026-жылдын 23-февралында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Эне тилдин эл аралык күнүнө карата 20-февралда болуп өткөн “Кыргыз ырлары чет өлкөлүк студенттердин аткаруусунда” аттуу республикалык фестивалда баш байгени жеңип алган КУУнун чет өлкөлүк студенттерин кабыл алды.
Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, Догдурбек Чонтоев студенттерди жогорку жетишкендиги менен чын дилинен куттуктады. Ал өз сөзүндө: «Эне тил – улуттун жан дүйнөсү, руханий дөөлөтү. Кыргыз ырларын чет өлкөлүк студенттердин аткаруусунда угуу – бул маданияттардын жакындашуусунун, достуктун жана өз ара сый-урматтын жаркын мисалы. Силердин жеңишиңер – бул жеке ийгилик гана эмес, университетибиздин да сыймыгы. Силер кыргыз тилинин жана маданиятынын даңазаланышына чоң салым коштуңар», – деди. Ректор о.э. аталган фестивалга катышкан чет өлкөлүк студенттерди Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти жогорку деңгээлде даярдап, чыгармачылык жана уюштуруучулук жактан ар тараптуу колдоо көрсөткөнүн жана Департаменттин кызматкерлери студенттер менен тыгыз иш алып барып, репертуар тандоодон тартып сахналык маданиятка чейин өзгөчө көңүл бурушканын баса белгилеп өттү.
Андан ары ректор баш байгеге татыган чет өлкөлүк студенттердин ар бирине ыраазычылык кат тапшырды. Ректор ар бир студентке өз-өзүнчө токтолуп, алардын эмгегин жогору баалап, чыгармачылык ийгиликтерди жана студенттердин сахна маданиятын, тилге болгон урмат-сыйын жана чыгармачылык даярдыгын өзгөчө белгиледи жана мындан ары да эл аралык жана республикалык деңгээлдеги иш-чараларга активдүү катышууга чакырды. Ректор университет ар дайым таланттуу жана демилгелүү жаштарды колдоого даяр экенин кошумчалады.
Иш-чаранын соңунда студенттер өздөрүнүн таасирлери менен бөлүшүп, көрсөтүлгөн колдоо үчүн университет жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.
(С) Абдыбекова Айжан — жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүм башчысы
