2026-жылдын 21–февраль күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту (КТЖИИ) тарабынан уюштурулган «Жасалма интеллект технологияларын иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча II Республикалык чемпионат» башталды.
Чемпионаттын ачылыш аземинде илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу Мырзабек, КТЖИИ директору Амантур Рыспаев, калыстар тобунун төрагасы, «Улут Софт» компаниясынын башкы директору Мирбек Окенов жана Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын санарип жана инновациялар бөлүмүнүн башчысы Айзаратбек Эсенов сөз сүйлөп, катышуучуларга ийгилик каалашты.
Жасалма интеллект боюнча таймашка Кыргызстандын бардык аймактарынан жалпысынан 154 команда катышып, өздөрүнүн инновациялык долбоорлорун жана технологиялык чечимдерин сунуштап жатышат. Чемпионат «Веб-технологиялар» жана «Мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу» багыттары боюнча уюштурулуп, катышуучулардын кесиптик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, чыгармачыл потенциалын ачууга жана жасалма интеллект технологияларын билим берүү жана башка тармактарда колдонууга багытталган.
Катышуучулар жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен заманбап веб-системаларды жана мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу боюнча өз долбоорлорун сунуштап, практикалык көндүмдөрүн көрсөтүшөт.
Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө төмөнкүдөй акчалай байгелер каралган:
- I орунга — 30 000 сом
- II орунга — 20 000 сом
- III орунга — 15 000 сом
- IV орунга — 10 000 сом.
Мындан тышкары, катышуучулар үчүн кызыктыруучу сыйлыктар да бар.
Чемпионаттын байге фонду Корея Республикасынын Кемён университети тарабынан каржыланып, бул эл аралык академиялык кызматташтыктын жана билим берүү тармагындагы колдоонун маанилүү көрсөткүчү болуп саналат. Чемпионат жасалма интеллект тармагында жаш адистерди колдоо, инновациялык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү жана өлкөнүн санариптик келечегин бекемдөөгө багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болуп эсептелет.
Жасалма интеллект технологияларын иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча II Республикалык чемпионаттын жыйынтыгы 23-февралда чыгарылат.
(С) Махабат Сыдыкова — КТЖИИ директорунун илимий иштер боюнча орун басары
