2026-жылдын 19-февралында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Азербайжан мамлекеттик экономикалык университетинин ректору, профессор Адалят Джалал оглы Мурадов менен расмий жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү жана биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында финансылык менеджмент багыты боюнча эки университеттин ортосунда кош диплом программасын ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюлду. Бул программа студенттерге эки жогорку окуу жайдын дипломун алуу менен эл аралык деңгээлдеги билим алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Андан соң КУУнун делегациясы Азербайжан мамлекеттик экономикалык университетинин студенттери уюштурган «Билимден башта, чыгармачылык менен улант, ийгилик менен чокуларды багындыр!» аттуу көргөзмөгө катышып, студенттердин илимий жана чыгармачылык долбоорлору менен таанышты.

Жолугушуу эки университеттин ортосундагы билим берүү жана илимий кызматташтыкты мындан ары чыңдоого багытталган маанилүү кадам болду.

Добавить комментарий